Муфтиятта иштеген кызматкерлер аттестациядан өтөт

Азрети муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев Балыкчы шаарындагы имамдардын жыйналышында диний кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү керек деп билдирген. Эми аттестация иши муфтияттын өзүнөн башталмай болду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) басмасөз кызматы билдирди.

Аттестацияда КМДБнын кызматкеринин диний гана билими текшерилбестен, кесиптик деңгээлине да баа берилет. Иш-чаранын негизги максаты – кызматкерлердин жалпы деңгээлин иликтеп, приоритеттерди аныктоо.

Аттестацияны Рахматулла ажы, кеңешчиси Дүйшөнбек ажы Өтөнбаев, Азрети муфтийдин орун басарлары Замир кары Ракиев менен Равшан ажы Эратов жана Асан Ормушев катышмакчы.

Муфтияттын кызматкерлеринин аттестациясы 29-мартта өтөт. Аттестациянын негизинде муфтиятта диний жана кесиптик сабактар уюштурулмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД