Депутаттар ЖРТ тестери жалаң орусча даярдалып атканына нааразы

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү, 27-марттагы, жыйынында Жалпы республикалык тестирлөөнүн тесттери жалаң орусча даярдалып атканына нааразы болушту.

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты, билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев жана анын бир нече коллегасы ЖРТнын тесттери жалаң орусча даярдалып атканын баса белгилешти.

"Тесттин суроолорун жеке уюм даярдап атат. Тест даярдоо тобунда мамлекеттик тилде тест даярдай алчу адистер жок. Андыктан аны которууда бир топ ката кетип, алыскы аймактарда окуган окуучулар суроону түшүнбөгөндүктөн ага туура жооп бере албайт", -деди ал.

Осмоналиев ошондой эле ЖРТдан өтүү үчүн алыскы айыл жерлеринде жетиштүү даярдыктар жок экенин белгиледи.

"Жыл сайын тест даярдоо тобун бекиткен Билим берүү министрлигинин дарегине айтылган жемелөө көп. Бул топтун мүчөлөрү кайталанып дайындалбайт деген кепилдик жок. ЖРТдагы суроолор мектептин окуу программасына дал келбейт деген даттануулар да түшүүдө", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД