"Президент жана бомж" тасмасынын сиквели 30-мартта чыгат

30-мартта "Президент жана бомж-2" тасмасынын бет ачары болот. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта, тасмасынын сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбеков билдирди.

Анын айтымында, съемкалар январь айында башталып, жалаң эле Кыргызстанда тартылбастан, Германия, Франция, Россия жана Казакстанда да тартылган.

Төлөбековдун айтымында, фильмдин сюжети боюнча спикер менен премьер-министр президентикке ат салышат. Ал эми иштеп жаткан президент эч кимисин жактабай эле өз кишисин калтырып кеткенге аракет кылат. "Кинодо биздин мамлекеттин, көптөн берки көйгөйлөрү: коррупция, трайбализм, бийлик үчүн күрөшүү дегендер чагылдырылат", - деди продюсер.

"Баш каармандарды атактуу Тимур Маматкулов, Марат Алышпаев, Назира Бердигуловалар ойношту", -деп тасманын режиссеру Аскат Сулайманов кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД