Фермерлерге берилүүчү жеңилдетилген орточо насыя 200 миң сом

Дыйкандарга берилип жаткан жеңилдетилген орточо насыянын суммасы 200 миң сом. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев маалымдады.

Өкмөт менен банктардын ортосундагы меморандумга ылайык, калктын көпчүлүгүн камтуу максатында, жалпы суммадан 35% өкмөт 250 миң сомго чейинки кредиттерге багыттоону сунуштап, калган 65% банктын өз чечимине калтырды. Бирок бир шарт менен: кредиттер айыл жергесиндеги дыйкандарга гана берилиши керек.

Ошондой эле министрдин айтымында, насыяны 5 миңден ашуун дыйкандар алышты. Премьер-министр насыяларды алгач такыр насыя ала элек дыйкандарга жана былтыр жеңилдетилген программа боюнча алууга жетишпей калгандарга берилиши керектигин эскертти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД