Депутаттар ЖРТ өзбекче өткөрбөөнү талап кылышты

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү, 27-марттагы, жыйынында Кыргызстандагы Жалпы республикалык тестирлөөнү өзбекче өткөрбөөнү талап кылышты.

Оппозициялык "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошованын айтымында, конституцияда эки гана тил белгиленген: мамлекеттик тил – кыргызча, расмий тил – орусча. "Эмне үчүн биз ЖРТны өзбекче өтөрөбүз? Мисалы, Өзбекстанда да кыргыздар жашайт. Бирок алар бирдиктүү экзаменди өзбек тилинде берет. Мындай жол менен биз эч убакта кыргыз тилин өнүктүрө абайбыз", - деди Жолдошова.

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков КР жарандарынан тести өзбекче берүү ниетин билдирген арыздар түшүүдө деп айтты. Андыктан ЖРТны ал тилде өткөрбөй коюуга азырынча мүмкүн эмес.

Жолдошова ошондой эле бүтүрүүчүлөр 440 сомдон сатып алып аткан тестин баасын төмөндөтүүнү талап кылды. Эл өкүлүнүн айтымында, аймактарда жашаган үй-бүлөлөр үчүн тестин баасы оорчулук жаратууда.

Депутат Курмантай Абдиев да ЖРТ кайсыл негиз менен орусча даярдалып, андан кийин кыргызчага которулуп атканына кызыкты. "Которуу учурунда толтура ката кеткендиктен балдар суроонун маанисин түшүнбөй калышууда. Мындай жагдай өзгөчө аймактардагы бүтүрүүчүлөргө тиешелүү. Бул эмне деген адилетсиздик? Тапшырмаларды мамлекеттик тилде да даярдагыла. Бул талап. Керек болсо өкмөттөн кыргызча келген документтердин 97%ы толтура ката менен келет. Бул жерде жогорку окуу жайга тапшыруучу тест тууралуу сөз болуп атат", - деп баса белгиледи.

Өз кезегинде Садыков депутаттын атына ата-энелерден же бүтүрүүчүлөрдөн туура эмес котормо боюнча келген арыздар болсо берүүсүн суранды. "Тест боюнча комиссияда 100 киши бар. Алардын ичинде мугалимдер, Илимдер академиясынын мүчөлөрү бар. Алардын көпчүлүгү кыргызча билген кишилер жана орус тилдүүлөр дээрлик жок", - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД