Чоң-Кызыл-Сууда табылган таш сапаты начар нефрит болуп чыкты

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Чоң-Кызыл-Суу айылынын аймагында табылган таш алдын ала маалыматтар боюнча чындап эле нефрит, бирок сапаты өтө начар. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде, ташты иликтеген Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин геологдору "ВБ"га билдирди.

Адистердин айтымында, Ысык-Көл облусундагы нефритке окшогон таштын курамын текшергенде анда көптөгөн аралашмалар болгон. "Андыктан, бул таш эч кандай деле баалуу эмес",- деп аталган мекемеден билдиришти.

Геологдордун айтымында, алар үч саат дегенде араң анализ үчүн таштан кичине кесип алышкан. Алынган таштын үлгүлөрү агенттиктин лабораториясында текшерилет.

Адистер андан тышкары таш жаткан жерди иликтеп, бирок кызыктуу эч нерсе табышкан эмес.

Эскертсек, Ысык-Көл облусунда баалуу таш табылып, анын салмагы 100 тоннодай болушу мүмкүн деген маалыматтар тараган эле.

Учурда ташты жергиликтүү калк менен милиция кайтарууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД