"Кыргызтелеком": Эл аралык жана шаар аралык байланыш төмөндөдү

"Кыргызтелекомдо" эл аралык жана шаар аралык байланыштардан түшкөн каражат азайып жатат", - деген билдирмени бүгүн, 27-мартта, компаниянын коммерциялык директору, вице-президент Акыл Түгөлбаев.

Анын айтымында, 2012-жылдын жыйынтыгы чыгып, компаниянын кирешеси 2 млрд 251 млн сомду түздү. "Биз шаар аралык байланышты жоготуп жатабыз, себеби, уюлдук операторлордун кызматы кыйла арзандап, күнүмдүк жашообузга улам тереңдеп, сүңгүп барат. 2010-жылы кирешенин 52% ушул беренеден түшчү. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч болгону 34% түзөт. Ошол эле мезгилде интернет кызматынан түшкөн каражат 2010-жылы 15% болсо, 2012-жылдын жыйынтыгы менен 31% өстү. Башкача айтканда, киреше структурасынын орду алмашты", - деди компаниянын вице-президенти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД