Ысык-Ата районунда кыз уурдалып, зордукталган

Ысык-Ата районунда кыз уурдалып, зордукталган. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басмасөз кызматы билдирди.

Милицияга арыз менен Ысык-Ата районунун 18 жаштагы тургуну кайрылган. Кыздын айтымында, аны 22-мартта айылдаш таанышы уурдап барып зордуктаган.

Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери 24 жаштагы Милянфан айылынын тургунун кармашты. Тергөө жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД