"Кыргызтелекомдун" кредит боюнча карызы дээрлик 2 млрд сом

2012-жылдын 1-ноябрына карата "Кыргызтелеком" ААКтын кредит боюнча карызы 1 млрд 791 млн сом. Мындай билдирүүнү бүгүн, 27-мартта, компаниянын коммерциялык директору Акыл Түгөлбаев маалымдады.

Анын айтымында, 2013-жылдын 1-январына карата карыз азайган эмес. Ошентсе ушул жылдын июнь жана декабрь айында Кытай өнүгүү банкынын эки кредитине - 3,5 млн доллар жана 6,6 млн долларды төлөө пландалууда. 2016-жылга чейин кредиттик карыздын негизги бөлүгү төлөнүп бериле турганын кошумчалады.

"Биз насыяны убагында төлөгөндүктөн айып пул салынбайт. Эгер бир күн кечиксе анын үстөгү он миңдеген доллар болуп кетет. Биздин киреше чыгаша бөлүгүн жапканга жетет. Компания толугу менен өзүн өзү каржылай алат. 2012-жылдын жыйынтыгы менен компаниянын таза кирешеси 204 млн сомду түздү", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД