Инна Валькова: ЖРТнын суроолору үч тилде даярдалууда

"Биздин кызматкерлер Жалпы республикалык тестирлөөнү үч тилде даярдап атат". Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта, "Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун" директору Инна Валькова "ВБ"га билдирди.

Ал кээ бир суроолор кыргызча даярдалып, андан кийин орусчага которулуп атканын белгиледи. Ошондой эле орусча даярдалып, кыргызчага которулган суроолор да бар. Ушундай эле жагдай өзбекчеге да тиешелүү. Валькова алардын борбору бардык тилде тест даярдай алган адистер менен иштешип атканын билдирди.

"Бул маселени көтөрүп чыккан депутаттар борбордун иши менен таптакыр тааныштыгы жок", - деди Валькова.

Эскертсек, бүгүн, 27-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар Жалпы республикалык тестирлөө бир гана орус тилинде даярдалууда деп айтып чыгышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД