Төрага БУУ башкы катчысынын атайын өкүлү Мирослав Енча менен жолугушту

Бүгүн, 27-мартта, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков БУУ башкы катчысынын атайын өкүлү, Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Аймактык борборунун башчысы Мирослав Енча менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Төрага Жээнбеков Кыргыз Республикасы БУУ, анын Борбордук Азия үчүн первентивдүү дипломатия боюнча Аймактык борбору менен кызматташууга айрыкча маани берерин жана Енченин 2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абад облустарындагы коогалаңды турукташтырууга кошкон жеке салымын жогору баалай тургандыгын баса белгиледи.

Жолугушуу жүрүшүндө төрага 18-мартта өткөн Коргоо кеңештинде Кыргыз Республикасында эл биримдигин жана этникалар аралык мамилелерди бекемдөө Концепциясы кабыл алынгандыгын билдирди. "Этникалар аралык мамилелерди чыңдоо реформаларды ийгиликтүү жүргүзүүгө, Кыргызстандын өнүгүү пайдубалын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет", - дейт төрага. Ошондой эле, ал Енченин көңүлүн дагы бир маанилүү документке – Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына буруп, жарандык коом аны иштеп чыгууга жигердүү катышканын айтты.

БУУ башкы катчысынын атайын өкүлү Енча жакында эле Ош облусунда болгондугун, Кыргызстанда 2010-жылдан кийинки абал турукташа баштагандыгын билдирди. "Өз кезегинде БУУ Тынчтыкты орнотуу фонду аркылуу Кыргыз Республикасында эл биримдигин жана этникалар аралык мамилелерди бекемдөө Концепциясын ишке ашыруу жүрүмүнө колдоо көрсөтүүгө даяр", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД