Санжар Тажиматов: Орусия Кыргызстанда өзүнүн базасы болушуна кызыктар

"Орусия Орто Азиядагы геосаясый кызыкчылыгын колдон чыгаргысы келбейт. Анын ичинен Кыргызстандагы транзиттик борбордун чыгарылышына кызыктар. Кыргызстан аймакта өтө ыңгайлуу жайгашкан. Бул жагынан Кытай, тигил жагынан Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан менен чектешет. Анан калса бизге таасир берүүчү рычагдар – мигранттар жана күйүүчү май алардын колунда. Биз каалабасак да бул жагынан аларга көз карандыбыз". Мындай пикирин саясат талдоочу Санжар Тажиматов "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн 27-марттагы түз эфиринде билдирди.

Ал АКШнын транзиттик базасы тууралуу айтып атып, база алгач Ооганстанда тынчтык орнотуу үчүн түзүлгөнүн билдирди. Серепчи ошондой эле Жарандык аба майданда куралдуу күчтөрдүн турушу коопсуздукка терс таасир бериши мүмкүндүгүн белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД