Токтайым Үмөталиева: Биз өзүбүз Бажы биримдигине киребиз деп жулунуп атабыз

"Бажы биримдигине киргиле деп бизди эч ким кыйнаган жок. Биз өзүбүз орусиянын желегин моюнга салынып, бизди бажы биримдигине киргизгиле деп аларга барып атабыз. Мындай тенденция шайлоо өнөктөштүгү учурунда көп байкалат". Мындай пикирин укук коргоочу Токтайым Үмөталиева "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн 27-марттагы түз эфиринде билдирди.

Укук коргоочу ошондой эле Борбор Азиядагы мамлекеттер СССРдин курамынан чыккандан кийин ар кимиси өз алдынча өнүгүп кеткенин кошумчалады. "Эми бул мамлекеттердин кандайдыр бир биримдигин түзүү үчүн жок дегенде 10 жылдай эксперттик анализдик иштер жасалыш керек",- дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД