Замира Молдошева этникалык үлгүдөгү коллекцияларын АКШда көргөзөт

Дизайнер Замира Молдошева АКШнын Нью-Мексико штатында этникалык үлгүдөгү кийимдерди элдин сынына коет. Анын айтымында, аталган штатта жайгашкан Санта-Фе шаарында дүйнөнүн ар бир бурчунан алынып келинген буюмдарды сатыкка койгон чоң дүкөн бар. Дизайнердин сөзүнө караганда, дүкөндүн кожойкеси "абдан меймандос айым" болуп чыкты. Ал Молдошеваны көрүп дароо эле аны Кыргызстандан келгендигин байкаган. Мындай жыйынтыкка келиши, кийизден жасалган буюмдарды көргөндүгү себеп болгон.

"Дүкөндөн Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана башка өлкөлөрдүн улуттук кийимдерин көрдүм. Албетте, анын баардыгы жергиликтүү колорит, маданияттары эске алынып жасалгаланган экен",- деди Молдошева. Салондун ээси, бет алдында автордук коллекциялары менен журналды жана дизайнерди көргөндө, жакынкы аралыкта соода үйүндөгү текченин катарын кыргыз жасалгалары да толуктай тургандыгы тууралуу чечим кабыл алган.

Молдошева атайын бул иш үчүн этникалык үлгүдөгү жаңы коллекция түзүүнү чечти. План боюнча иш июнь айына чейин бүтүшү керек. Балким ушул жай айында анын буюмдары белгилүү дүкөндүн текчелеринде орун алып калышы мүмкүн.

Эске салсак, Молдошева Америкага Open World программасынын жардамы аркылуу кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД