Республикада балыктын баардык түрүн кармоого убактылуу тыюу салынды

Республикада балыктын баардык түрүн кармоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу КР айыл чарба жана мелиорация министрлигинин балык чарба департаментинен билдиришти.

Департаменттин өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, мораторий 1-июлга чейин уланат. Бул убакытка чейин балык уулоого тыюу салынат.

"КР Административдик кодексинде белгиленгендей, эрежеге баш ийбеген жарандарга кармаган балыктарга жана түрүнө жараша 200 сомдон 3 миң сомго чейинки айып салынат",- деп билдиришти департаменттен.

Эске салсак, браконьерлер менен күрөшүү үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери гана эмес, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү да тартылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД