Акыйкатчы Орусиянын абактарындагы кыргызстандыктарды зыярат кылат

2013-жылдын 27-мартында акыйкатчы Турсунбек Акун Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько менен жолугушту. Бул тууралуу өлкөнүн башкы укук коргоочусунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта билдиргендей, жолугушууда мекендештердин укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү байланыш тууралуу да сөз болду. Ошондой эле эркинен ажыратылган жарандардын укуктарын коргоо маселелерин талкууга алышты.

Учурда Кыргызстандагы пенитенциардык мекемелерде жаза өтөп жаткан 41 орусиялык жаран бар. Ал эми Орусиядагы мекемелерде кыргызстандыктардын саны алда канча көп.

Маалыматта, акыйкатчы Орусиянын абактарындагы кыргызстандыктырды зыярат кылууну чечти деп айтылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД