Убактылуу кармоочу жайларда мындан ары дайыма дарыгер, дары-дармектер болот

ИИМдин коомдук байкоочу кеңеши менен саламаттыкты сактоо министрлигинин биргеликте байланышып иш алып баруусунун натыйжасында, жакында убактылуу кармоочу жайда кызмат көрсөтүү боюнча макулдашууга кол коюлат. Анда аталган жайда дарыгер ар дайым кызматта болот. Бул тууралуу КР ИИМдин коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Алихан Рустамов билдирди.

Рустамов билдиргендей, макулдашууга кол коюлгандан кийин дарыгер чакырган учурда гана келбестен, эртеден кечке дейре бейтаптарды карап, аларга дары-дармек бере алат.

"Убактылуу кармоочу жайда дарылар дээрлик жокко эсе. Болгону зеленка жана ич өткөк менен баш оорунун дарылары бар. Аталган жайдын кызматкерлеринин медициналык билимдери жок. Алар сапаттуу жардам бере алышпайт",- деди Рустамов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД