Аймактарга жаш мугалимдерди тартуу үчүн 46 млн сом сарпталат

Кыргызстандын өкмөтү "Жаш мугалимдин депозити" аттуу программага 46 млн сом каражат бөлөт. Бул тууралуу 27-мартта, парламенттин отурумунда социалдык суроолор боюнча вице-премьер-министр Камила Талиева билдирди.

Анын айтымында, аталган каражат региондорго иштөө үчүн бара турган жаш мугалимдерге берилет. "Өткөн жылдары аталган программа боюнча каржылоонун жетишсиздигинен улам 25 млн сом көлөмүндөгү карыз пайда болгон",- деп кошумчалады Талиева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД