Ошто Бүткүл Дүйнөлүк банктын эсебинен 250 көчө оңдолду

Эки жарым жыл аралыгында Ошто Бүткүл Дүйнөлүк банктын эсебинен 250 көчө оңдолду. Бул тууралуу 27-мартта Ош шаардык мэриясынын шаар жолдору башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Абдылдакунов билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылкы июнь окуяларынан кийин Бүткүл Дүйнөлүк банк жолдорду оңдоого жана тазалоого 208,3 млн сом бөлгөн. 2010-2012-жылдар аралыгында 18 чакырым жол салынып, 72 мин чарчы метр аянт жол оңдолгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД