Бүгүн Бишкек шаарында жана Сокулук районунда жарык өчөт

Бүгүн саат 9-00дөн 17-00гө чейин борбордогу Кумарыкская, Интергельпо, Бах, 9-январь, Литвинов, Димитров, Валдайская көчөлөрдүн барчаларында, Токтогул көчөсүндөгү №№ 161, 163 көп кабаттуу үйлөрдө, №4 шаардык оорукананын районунда, чектелген көчөлөрдүн төрт чарчысы Киев, Ибраимов, Токтогул, Шопоковдо "Түндүк электр" ААКнын электр эпкерлери жогоруда айтылган убакта, №№ 593, 340, 1162 трансформаторлорунда өсүп кеткен бак-бутактарды кыйып, № 189 трансформаторунан тараган 0,4 кВ электр зымдарын оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.

Ушул эле убакта Чүй областындагы Сокулук районуна караштуу, Сокулук айылынын бир бөлүгүндө (Центр, базардын тегерегинде, военкомат, ИИМ районунда), Селекционное, Жогорку Орок, Төмөнкү Орок, Кашка-Баш айылдарында электр энергия өчөт.

Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында (Спортивная, Бородачева көчөлөрүндө) Полтавка айылында электр жарыгы өчөт. Аталган аймактарда "Александровка" көмөкчордонунан тараган 10 кВ электр зымдарында, "Ново-Южная", "Кара-Балта" көмөкчордондорунан тараган 10 кВ зымтиректери алмаштырылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД