Жылдызкан Жолдошова Кадыржан Батыровду экстрадициялоону талап кылды

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 28-марттагы, пленардык жыйынында бир катар сепаратисттерди Кыргызстанга алып келип жазалоо боюнча токтом кабыл алуу керектигин билдирди.

"Биз аймактарда болдук. Жолугушуу учурунда шайлоочулар 2010-жылкы этникалык жаңжалга май куйган Кадыржан Батыров, Карамат Орозоваларды экстрадициялоо керектигин талап кылышты. Мындай экстремисттер дүйнөнү кыдырып "Чөөнүн сааты" фильмин таратып жүрүшөт. Биз мындай кишилерде экстрадициялоо үчүн токтом кабыл алышыбыз керек", - деди Жолдошова.

Эл өкүлү ошондой эле акыркы учурда Батыровдун өнөктөштөрү пайда болуп, анын мүлкүн Кыргызстандан алып чыгууга аракет кылып атканын билдирди. "Биздин күч түзүмдөрүнө кайрылат элем, мындай аракеттердин алдын алуу керек", - деп кошумчалады депутат айым.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД