Балдар интернаты менен карылар үйүндөгүлөрдүн бир күндүк тамагына 55 сом бөлүнөт

"Балдар интернатында жана карылар үйүндөгүлөрдүн бир күндүк тамагына 55 сом бөлүнөт экен. Ошол эле учурда түрмөдагүлөргө 135 сом бөлүнөт. Мен өкмөткө сунуштайт элем, ушул интернаттардын тамак ашына бөлүнгөн каражаттын көлөмүн жок дегенде 80-90 сомго чейин көтөрүүнү суранат элем". Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү 28-марттагы пленардык жыйынында "Республика" фракциясынын депутаты Роза Акназарова билдирди.

Депутат айым ошондой эле жашылдандыруу маселесине да көңүл буруу керектигин белгиледи. "Мына шайлоочулар менен жолугуу учурунда биз балдар интернаттарына мырза теректерди тиктик. Мырза терек көчөтү 10 сом турат экен. Аны беш жылдан кийин 5 миң сомго сатса болот. 5 миң терек тиксек, ал он жылдан кийин 5 млн сом болот экен", -деди эл өкүлү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД