Жогорку Кеңеште алтын кендерди иштетүүгө мараторий жарыялоо сунушталды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 28-марттагы, пленардык жыйынында депутат Мирлан Бакиров Кыргызстанда иштетилип аткан кендерге убактылуу мараторий киргизүү керек деген сунушун билдирди.

Депутат өз сөзүндө Кумтор алтындын кору боюнча дүйнөдө 7-орунда турарын айтты. "Кумтөрдөн башка Жетим-Тоо, Сандык сыяктуу бир топ кендер бар. Биз аларды өзүбүз иштетип, пайда алгыдай болушубуз керек. Андыктан ушул жерлерде жүрүп аткан иштерге мараторий жарыяласак болот эле. Анткени Кыргызстандан алтындын кошулмасы бар кендер сыртка чыгып кетип атат. Мына Кытай мамлекетине канчалаган тонна алтындын кошулмасы бар кендер чыгып атат. Биз келечекте урпактарга да жаратылыш байлыктарын калтырышыбыз керек",- дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД