Алай районундагы бир катар кыштактар тоолуу айылдар тизмесине кирбей калган

"Алай районундагы Кабылан-Көл айылы Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча 2400 метр бийиктикте жайгашкан. Бирок алар түшүнкүсүз себептер менен тоолуу айылдар тизмесине кирбей калган. Ал эми Кабылан-Көл айылынан ылдый жайгашкан айылдар бул тизмеге кирип калган". Мындай пикирин депутат Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин 28-марттагы пленардык жыйынында билдирди.

Депутат ошондой эле бул айылга жетүү бир топ кыйынчылык жаратарын, жолу таптакыр талкаланып калганын кошумчалады. "Бул айыл бир гана Гүлчө менен байланышат. Жашоо шарты оор. Алар Коңүр-Дөбө ашуусу аркылуу гана барат. Жолу начар", - деп кошумчалады ал.

Шайназаров бул маселелерди тез аранын ичинде чечип берүүсүн өкмөттөн суранып, Жогорку Кеңештеги өкмөттүн өкүлүнөн бул боюнча кат түрүндө да жооп берүүнү талап кылды. Анын себебин депутат шайлоочуларга отчет бере тургандыгы менен түшүндүрдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД