Бишкектеги кытай кафесинде колдонулган эттер санитардык нормага жооп бербейт

"Бишкектеги "Цзы цянь 2" кафесинде колдонулуп аткан эттер санитардык нормага жооп бербейт", -деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 28-марттагы, пленардык жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева билдирди.

Депутаттын айтымында, аталган кафедеги эттин сапатын текшерүү үчүн ал санитардык департаментке эттин үлгүсүн жиберген. "Ал жактан эт санитардык нормага жооп бербейт деген корутунду берди. Мен саламаттыкты сактоо министрлигине аталган кафени текшерүү боюнча өтүнүч жөнөткөм. Мага министрдин орун басары Муканбетов "биз аларды уруксаты жок текшере албайбыз" деп жооп берип атат. Биздин министрлик аларды текшере алабы же албайбы, ошону тактап коюшубуз керек", - дейт эл өкүлү.

Иманкожоева ошондой эле жакында кытайдан келген оюнчуктарды да лабораториялык текшерүүгө бергенин айтты. "Оюнчуктарда да көптөгөн уулуу заттардын бар экени аныкталды. Балдарыбызды уулуу оюнчуктар менен ууландырса, элге түшүнүксүз эт менен тамак жасап берип атат. Биз ал жакта эшектин этиби же буйволдун этиби билбейбиз. Андыктан аларды текшерүү керек",- деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД