Кыргызстанда түрмөгө түшкөндөрдүн саны өсүүдө

"Акыркы үч жылда Кыргызстанда түрмөгө түшкөндөрдүн саны орто эсеп менен 3%га өскөн". Мындай маалымат кылмыш-пенитенциалдык систамасынын 2012-2016-жылдарга карата улуттук өнүгүү стратегиясында айтылат.

Маалыматка ылайык, 2012-жылы абактагылардын саны 11 220 киши болсо, 2013-жылы 11 730 кишини түзгөн. Ал эми 2015-жылга карата алардын саны 12 750 киши болушу мүмкүндүгү айтылууда.

Абактагылардын санынын өсүшүн уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге, диний экстремизмге каршы күрөшүүнүн жигердүү иштеп жатканына байланыштырышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД