Парламентте жол кырсыгынан каза болгондор боюнча статистикалык маалымат айтылды

Жыл жаңыргандан бери Бишкекте 413 жол кырсыгы катталып, андан 16 киши өлгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 28-марттагы, пленардык жыйынында оппозициялык "Республика" фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын жол кырсыгынын саны өсүүдө. Ал эми жалпы республикалык статистика Бишкекке салыштырмалуу абдан эле кайгылуу. "Бишкек мэриясы жол белгилерин жаңылап, профилактикалык иштерди жүргүзүүсү керек. Ошондой эле жол кырсыгына себеп болгон булактарды да иликтөө керек", - дейт Дыйканбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД