Парламентте кайрадан "апрель баатырларына" квартира сурашты

Бүгүн, 28-мартта, парламенттин отурумунда КСДП фракциясынан депутат Гүлнара Жамгырчиева "2010-жылдагы апрель окуяларынын катышуучуларынын бардыгы эле өкмөт тарабынан убадаланган батирлерди ала элегин" билдирди.

Анын айтымында, "айрым учурларда 2010-жылдагы апрель окуяларынын катышуучуларын ур-токмокко алып, таарынтышат экен". "Алар ыйлап, даттанып келишет. Эмне себептен биз аларды кордоп жатабыз? Убада берген соң аткарыш керек", - деди Жамгырчиева.

Эске салсак, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева жана учурдагы мамлекет жетекчиси, КСДП партиясынын негиздөөчүсү Алмазбек Атамбаевдер кирген убактылуу өкмөттүн чечими менен 2010-жылы апрель окяларынан каза тапкан жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө квартира бөлүнгөн. Кийинчерээк, алар өзүнүн балдарын ЖОЖдордо бекер окутууну талап кылышкан.

Эске салсак, быйыл республикадагы бийлик алмашуусуна жана башкаруу формасынын парламенттикке өтүп, жаңы Конституциянын кабыл алынышына алып келген апрель окуяларына үч жыл болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД