Азамат Арапбаев: Инвесторлор өздөрү аткаминерлерди коррупцияга түртүүдө

Кыргызстандагы тоо-кен тармагында иштеген компаниялар тескөө органдарынын өкүлдөрүн өздөрү коррупцияга түртүп атат. Бул тууралуу "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев "Кен байлыктарды колдонуудагы укуктук жөнгө салуу" аттуу тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, инвесторлор негизинен лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткарышпайт.

"Үнөмдөө максатында көпчүлүк компаниялар лицензиялык макулдашуудагы бир катар шарттарды аткарышпайт. Текшерүү учурунда тийиштүү аткаминерлерге гана кайрылат. Алар өз кезегинде инвесторлор тарабынан жасалган мыйзам бузууларга көз жуумп коюшууда. Кийин аны башка аткаминерлер текшерип, ошол эле нерселер боюнча мыйзам бузулганын аныктап, алардын лицензиясын жокко чыгаргыла деп атышат. Андыктан инвесторлорду мыйзам чегинде гана иш алып барууга чакыруу керек", - дейт эл өкүлү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД