Академик Сабырбек Жумабеков Чикагодо кыргызстандык дарыгерлер менен жолукту

Академик Сабырбек Жумабеков Америкадагы кыргыз диаспорасы жана кыргыз дарыгерлери менен жолукту. Бул тууралуу "ВБ"га Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун басмасөз кызматы билдирди.

"Чикагодо кыргыз медиктер менен жолуктум. Мен үчүн өтө кубанычтуусу - дүйнөдөгү эң мыкты саламаттык сактоо тармагы деп эсептелген мамлекетте биздин дарыгерлер бардык барьерден өтүшүп, лицензия алып иштеп жатышканы. Алардын бардыгы кыздар экен, акушердик-гинекология, үй-бүлөлүк дарыгер, кардиология жана башка тармактарда ийгиликтерге жетишип атышыптыр. Бул Кыргызстан үчүн чоң жетишкендик", - дейт академик.

Жумабеков дарыгерлер менен баарлашып, пикир алышуу учурунда алардан Кыргызстанга келип, мастер-класс өткөрүп, лекция окуп берүүлөрүн суранды.

Жумабеков Чикаго шаарында Американын ортопеддер академиясы тарабынан өткөрүлгөн конгресске чакырылганын эскерте кетмекчибиз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД