Кыргызстанда бир жылда 23 миңден ашуун бойдон алдыруу жасалган

2012-жылы Кыргызстанда 23 528 бойдон алдыруу жасалган. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта, "КРдеги репродуктивдүү ден-соолукту 2015-жылга чейин сактоо боюнча улуттук стратегия: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана кийинки кадамдар" аттуу презентациялык маалыматта Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси тааныштырды.

Маалыматта айтылгандай, бойдон алдыруу санынын өсүшү кичи-абортторду да жалпы аборттордун санына кошкондуктан жогорулаган. Андыктан бул маалыматтар "анчейин ишенимдүү эмес".

"2011-жылы эл аралык уюмдардын көмөгү менен Кыргызстанда пландалбаган бойго бүтүү абалын иликтөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында Бойго бүтүүнү токтотчу кызматтардын жетишсиздиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД