Кыргыз-түрк мамилелери симпозиумда талкууланат

Кыргыз-түрк мамилелери улуттар аралык ар тараптуу симпозиумда талкууга алынат. Түркиянын жана Кыргызстандын президенттеринин көмөгү менен Бурса шаарында 2013-жылдын 3-4-май күндөрү "Биринчи Улуттар аралык өткөн мезгилден бүгүнкү күнгө чейинки кыргыз-түрк мамилелери симпозиуму" өтөт. Бул тууралуу "ВБ"нын Стамбул шаарындагы өкүлү Элеонора Кыдырова билдирди.

Кыргызстан Достук жана Маданият Коому уюштурган иш-чарада эки тараптуу маанилүү талкуулар болот.

Эске саласак, симпозиумга Түркия, Кыргызстан, АКШ, Орусиядан жалпысынан 48 окумуштуу катышат. Иш чаранын жүрүшүндө байыркы мезгилден бүгүнкү күнгө чейинки кыргыз-түрк мамилелелерин чагылдырган көргөзмө да уюштурулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД