Май куйуучу станциянын кардарлары солярка уурдоого аракеттенишкен

27-март күнү саат 20ларда, Мураке айылындагы май куйуучу станцияда бир нече адам токтоп турган трактордун бензобагынан май куйуп алууга аракеттенишкен. Бул тууралуу Чүй ШИИБсинин басмаcөз кызматы маалымдады.

Кылмыштын күбөлөрү, милицияны чакырышкан. Ал жерге ыкчамтоп тез арада келип, борбор шаардын беш тургунун камашкан.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексиндеги "Уудоо" беренеси боюнча Аламүдүн РИИБнин иликтөө бөлүмү кылмыш ишин козгоду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД