Роза Отунбаева: Мектепке чейинки билим берүүнүн лидери болоюн деп жатам

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева өзү түптөгөн "Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фонду мектепке чейинки билим берүү боюнча алгылыктуу иштерди жасап жатканын "Жаңы Агымга" курган маегинде айтты.

Анын айтымында, өлкө боюнча 7 жашка чейинки балдардын саны 800 миңге жетет. Орточо эсеп менен балдар бакчасына барган балдар алардын 10%ын гана түзөт. "Биздин жарандар 200-300 кишилик кафе-ресторан куруп, эки кабаттуу там салып, 2-3төн машине алганы менен балдарына оюнчук сатып бергенге чыгынбайт. Бала-бакчаларда да, бала бар үйлөрдө да оюнчук көрбөйсүз. Улуттук маданиятыбызды байытып, азыркы турмушубузга өзгөрүү киргизишибиз абзел деп эсептейм. Адамзаттын практикасында белгилуу: оюнчук - баланын өнүгүшүнүнө эбегейсиз зор салым, түрткү берет", - деп кейийт Отунбаева.

Андан ары Роза Исаковна: "Жаңы маалыматтарга караганда, 7 жашка чейинки ар бир бала гений болот, өзгөчө музыка, сүрөт тартууда. Ушул куракта бала каалаган тилди тез өздөштүрөт экен. Баланын айлана-чөйрөнү таануусунда чексиз шыгы, ырым-жырым тоскоолдуктардан бош экени түшүнүктүү эле болуп турат. Мына ушул убакта бала үчүн салынган инвестиция, 7 жашка чейинки баланы тарбиялоо үчүн жумшалган ар бир доллар кийин сарптала турган 8-9 долларды сактап калат экен. А бизде элестетиңиз, балдарыбыз 1-класска чейин жадагалса ручка кармабайт. Мен бийликтин, министрликтердин жана коомчулуктун көңүлүн мектепке чейинки билим берүүгө буруп жатам. 6 жашка чейинки балдар Кыргызстанда 800 миңдей. Эң жыргаган Совет заманында балдардын 30 пайызы эле бала бакчага барчу. Ал учурда ар бир колхоз-совхоздун, завод-фабрикалардын өздөрүнүн бала-бакчалары бар болчу. Эсимде, Ленин заводунун эле 10 бала бакчасы бар эле. Эми азыркы бакчага барган 82 миң баланын баары эле негизинен бюджеттин мойнунда экен. Ата-энелерден сурасам айына 400-600 сом төлөйбүз дейт. Совет тибиндеги бакчалар баланы таң аткандан кечке чейин кармайт. Бала уктайт, ойнойт, 3 маал тамак ичет. Врач, музыка мугалими бар толгон бала бакчалар бар. Азыркы заманда 600 сомго эч нерсе келбейт да. Эми мамлекет өгүз өлбөсүн, араба сынбасын деп эле бала бакчаларды кармап келет. Эгер реалдуу карап, эсептеп көрсөк, бир баланы бала бакчада багыш үчүн айына 13 миң сом кетет экен" деген оюн ортого салды.

Маектин толук версиясын "Жаңы Агым" гезитинин жаңы санынан окусаңыздар болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД