Быйылкы ажылык учурунда зыяратчыларды ташый турган авиакомпания тандалат

1-апрелде муфтиятта Ажылык-2013 сапарында зыяратчыларды ыйык жерге алып барып келчү авиакомпанияны тандоо боюнча тендер өтөт. Тендерге Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү катышмакчы. Бул тууралуу "ВБ"га Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын басмасөз кызматы билдирди.

Тендерди муфтияттын Ажылык-умра бөлүмү уюштуруп, төрагалыгын Азирети муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев кылмакчы.

Муфтияттан билдиргендей, тендерге катышууну каалаган авиакомпанияларга коюлган 15 талапты Жарандык авиация агенттигине 7-мартта жолдогон. 19-мартта тендерге катышчу мамлекеттик мекемелерге өкүлдөрүн дайындоо суранычы жолдонгон.

Муфтияттын басмасөз кызматы азыр канча авиакомпания тендерге катышуу ниетин билдиргени белгисиз экенин билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД