Парламент Кытайдын каражатына Ошто оорукана курууну колдоду

Бүгүн, 28-мартта, парламенттик отурумда депутаттар, Ошто оорукана комплексин куруу долбоорун колдоо жана кеңсе эмереги менен медициналык шаймандардын бир бөлүгүн камсыздоо тууралуу мамлекет аралык макулдашууну, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Кытай элчилигине жооп кайтаруусун ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үч жолку окууда колдошту.

Эске салсак, мурда Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева, 2010-жылдагы июнь трагедиясынан кийин Кытай 42 млн юаньды (300 млн сом) бейтапкана курууга жумшап, гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин айткан. 150 орунга ылайыкталган объектини кытай тарап өзү курат. Божомолдоолор борюнча бейтапкана заманбап техникалар менен жабдылып, анда татаал операцияларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД