Депутаттар комитеттердин жыйындарын тоготпогону үчүн министрлерди сынга алды

КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 28-марттагы, жыйынында биринчи окууда "КР өкмөтү жөнүндө" жана "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, алып чыкты.

Демилгечи депутат парламенттин жыйындарына министрликтердин жетекчилери келиши керектигин сунуштады. Бирок, профилдик комитеттердин талкуусунда бир топ депутаттард министрлер келбесе алардын орун басарлары келиши керек деп билдиришкен.

Арнамысчы депутат Анарбек Калматов мыйзамга сунушталып аткан өзгөртү киргизүүнү колдоо керектигин белгиледи. "Кээ бир министрлер биздин жыйындарга келбей, орун басарларын жиберүүдө. Алар мындай жол менен парламенттин деңгээлин түшүрүп атат. Кээде бир нече комитет бир эле убакта жыйын куруп калган учурлар болот. Ошентсе да министрлер атайылап жыйынга келбей койгон учурларды билем. Анткени алар келгенден корккон. Бизге зарыл жумуштары чыгып, келе албай калдым деген министрлерди биз кийин ресторандардан көргөн учурлар болгон. Ал эми кээ бир министрлер министрликтеги абалды андан жакшы билген жардамчыларын жиберишет", - дейт Калматов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД