Статс-катчылыкка дайындалуу жол-жобосу өзгөрөт

Жогорку Кеңеште "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Тармактык комитеттин төрайымы Айнуру Алтыбаеванын айтымында, ушу тапта Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин сынагынан өткөн статс-катчылыкка талапкерлердин кызмат ордуна дайындалышында бир катар кыйынчылыктар жаралып жатат. Ага мамлекеттик кызмат жетекчисинин макулдугу керек. Негизи статс-катчы институтунун өз иш-милдетинин өзгөчөлүгүнө ылайык, мекеме жетекчисинен көз каранды болбошу зарыл. Ошондон улам, ал талап алынып салынууда.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар тарабынан мамлекеттик мекемелерде кош бийликтин жаралып калуу коркунучу бар экендиги, ал үчүн так механизм түзүү зарылчылыгы баса белгиленди. Ага жооп катары комитет жетекчиси статс-катчы кызмат ордуна талапкерлер Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин атайын сынагынан өтөрүн, ал беш жылдык мөөнөткө дайындаларын билдирди. Кеңеш курамында Жогорку Кеңештин эки депутаты бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД