Мамлекеттик кызматчылардын кеңешчилери, жардамчылары да сынактан өтүүгө тийиш

Жогорку Кеңеште "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди

Мыйзам демилгечиси депутат Курмантай Абдиевдин айтымында, бул мыйзам долбоору жарандарды мамлекеттик кызматка дайындоодо акыйкаттыкты орнотууга багытталган. Тагыраак айтканда, мыйзамдагы саясий мамлекеттик кызмат жетекчилеринин кеңешчилеринин, жардамчыларынын мамлекеттик кызмат органдары менен мекемелерине сынаксыз дайындалышына байланыштуу жобону да алып салуу максатында иштелип чыккан. Саясий кызматта иштеген жетекчилердин кеңешчилери менен жардамчылары башка мамлекеттик кызматкерлердей эле жалпы сынактан өтүүгө тийиш.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД