30-мартта Бишкекте велосипедчендердин жүрүшү өтөт

30-мартта Бишкек шаарында "Ден-соолук жана сулуулук - 2013" экинчи Республикалык медициналык көргөзмөнүн ачылышына карата велосипедчендердин жүрүшү өтөт. Бул тууралуу "ВБ"га саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, көргөзмө 2-апрелден 5-апрелге чейин уланат. Салт боюнча иш чара Тарых музейинде болот.

"Велосипедчендердин жүрүшүн уюштуруу менен ар бир адам үчүн сергек жашоо мүнөзүнүн маанисин баса белгилегибиз келди. Жүрүш Жеңиш паркынан Түштүк дарбазага, андан кийин Түштүк магистралы аркылуу Тынчтык, Манас жана Чүй проспектисине чейин уланат. Акыры Ала-Тоо аянтына келип токтойт ", - деп уюштуруу комитетинен билдиришти.

Велосипед жүрүшүнө саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери, көргөзмөнүн катышуучулары жана депутаттар катышышмакчы. Мындан сырткары каалоочулар дагы келсе болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД