Атамбаев Ала-Бука районундагы жаңы аскердик бөлүктүн ачылыш аземине катышты

2013-жылдын 28-мартында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында Ала-Бука районундагы жаңы аскердик бөлүктүн ачылыш аземине катышты. Куралчан күчтөрдүн башкы командири жаңы аскердик бөлүк менен жакындан таанышып, аскер кызматкерлери менен баарлашты.

Мамлекет башчысы жеке курамдын алдында сөз сүйлөп жатып, бүгүнкү күндө өлкөнүн мойнунда Куралчан күчтөрдү жаңылоо тапшырмасы тургандыгын айтты. "Бизге профессионалдуу аскер керек. Мамлекет аскерлерди заманбап техника менен камсыздандырууга милдеттүү ", - деди президент.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД