Бишкекте 11 жаштагы кыз чөнтөкчүнүн курмандыгы болду

Борбор калаада 11 жаштагы кыз чөнтөкчүнүн курмандыгы болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, кылмышкер 11 жаштагы кызды Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндөн байкап, кылтакка түшүрүүнү пландаган. Чөнтөкчү ыңгайлуу учурду тандап, кыздын чөнтөгүнөн уюлдук телефонун уурдап алган.

Биринчи Май РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан чара көрүлүп, Бишкек шаарынын 25 жаштагы жараны окуяга шектүү делип кармалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД