Оштун тургундары жумуш жоктугунан Орусияга кетип атат

Дүйнөлүк банктын калкты жумуш менен камсыз кылуу долбоору аяктагандан кийин көптөгөн оштуктар жумуш таба албай, Орусия менен Казакстанга кетүүгө мажбур болушат. Бул тууралуу долбоорго катышкан Кудайберди Пазылов билдирди.

Дүйнөлүк банктын калкты жумуш менен камсыз кылуу долбоору 2,5 жыл иштеди. 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин жолдорду калыбына келтирүүгө жана ирригациялык системаны оңдоого 208,3 млн сом бөлүнгөн. Долбоордун негизги максаты түштүк борбордун калкын жумуш менен камсыз кылуу болчу.

Пазыловдун айтымында долбоор үстүбүздөгү жылы бүткөндүктөн жумуш менен камсыз болгон 300 кишинин көпчүлүгү жумушсуз калды. Өзүнүн бригадасында 30 киши болсо, анын бешөө Орусияга жумуш издеп кеткен. Калганы убактылуу жумуштарды иштеп атат.

Долбоордун катышуучусунун айтымында, Дүйнөлүк банк менен болгон иштөө учурунда алар 8 миңден 15 миңге чейин айлык алышчу. Азыр болсо, эмгек биржасына чыгып, ал жактан 500 сомдой табышат. Бирок жумуш күн сайын эле чыга бербейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД