Ош шаар тургундарынын 20%ы суу менен камсыз болгон эмес

Суу менен камсыз кылуу Ош шаарынын негизги көйгөйү бойдон калууда. Бүгүнкү күнү таза суу менен тургундардын 20%ы камсыз болгон эмес. Бул тууралуу журналисттерге Ош шаарынын вице-мэри Рустам Мирзаматов билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик бул маселени чечүүнүн үстүндө иштеп атат. Акыркы жылдары Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен шаардын түштүк-чыгышында орун алган "Калинина", "Достук", "Туран" жана "Амур-Темир" жаңы конуштарынын 50 миңден ашуун жашоочусу таза суу менен камсыз болгон.

Мирзаматов шаардыктардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн аймактык кеңеш такай иш алып барып атканын белгиледи. Алар жыйындарында кайсыл долбоорду мэрия аткаруусу керектигине артыкчылык беришет.

"Кайсыл долбоорду каржылоо керектигин жашоочулар өздөрү чечет, муниципалитет болсо калктын талабын аткаруучу гана болот", - деди вице-мэр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД