Дары-дармек сатуу менен алектенүүгө министрлик тарабынан 1 111 лицензия берилген

"Саламаттыкты сактоо министрлиги дары-дармек сатуу менен алектенүүгө 1 111 ишкердүүлүк лицензиясын берген". Бул тууралуу "HB Co" фармацевтикалык компаниясынын өкүлү Улан Исаков бүгүн, 29-мартта, маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле учурда дары-дармек сатуу менен алектенген ишкерлерге шарт түзүп берүү керек деп белгиледи. "Фармацевтикалык тармак узак мөөнөттүү туруктуулукту талап кылат. Андыктан бул тармактын өнүгүүсүнө шарт түзүү керек. Учурда Кыргызстанда чыгарылган дары дармек менен ички рыноктун 3%ын гана камсыз кыла алат. Калган пайызы сырттан ташылып келет", - дейт ал.

Анын айтымында, учурда дары-дармек алып келүүдө бир-бири менен атаандаша турган компаниялар бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД