Оштогу балдар китепканасы жардамга муктаж

Облустук балдар китепканасындагы китептердин басымдүү көпчүлүгүн 60-70-жылдары чыккан адабияттар түзөт. Ошол китептердин 60%дан ашыгы эчак эле колдонуудан чыгышы керек эле. Аталган китепкананын башчысы Эльмира Доолотова мамлекет тарабынан колдоого муктаж экендиктерин айтат. Анын айтымында балдар китепканасы учурда эл аралык уюмдардын жардамы менен гана жашайт. Болбосо облус жетекчилиги тарабынан бир да тыйын берилбейт. Эльмира айым: "Биздин орточо айлыгыбыз болгону 6 миң сом. Бул суммага азыр эч нерсе келбейт. Бизде иштеген 21 кызматкер эскилиги жеткен китептердин чаңына чыдап араң иштеп жатышат. Китепкананын зыяндуулугу боюнча мурда 25% кошумча акы төлөшчү, азыр аны 15% кылып коюшту. Эми китептин чаңын кандай экенин баары эле билсе керек" деп аттын башындай болгон арманын айтып алды.

Эң кызыгы балдар китепканасынан Гарри Поттер сыяктуу дүйнөлүк адабияттагы бестселлер китептерди ит менен издесең да таппайсың. Доолотова да балдардын көбү фантастика жанрындагы китептерди көп сурарын, тилекке каршы кыргыз тилиндеги балдар адабияты жокко эсе экенин айтат. "Азыркы технология кеңири өнүккөн заман болсо да бизде интернет жок. Интернет коюп беришсе балдарыбыз каалаган китептерди таап окумак да", - деп кошумчалады китепкана башчысы.

"Балдар – биздин келечек" деп оозеки кыйкырганыбыз менен балдардын келечегине чыйыр салган китепканага азыртан маани бербесе балдардын билим деңгээли жогорулабай тургандыгын адистер баса белгилешет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД