Альвеококкоз деген эмне экенин билесиңби?

Бишкек шаардык №1 ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы, медицина илиминин доктору, профессор Акылбек Мусаев альвеококкоз дарты жөнүндө окурмандарга түшүнүк берди.

- Учурда операция жолу менен гана айыга турган дарттардын саны арбып келет. Ак халатчандардын түйшөлткөн ошондой дарттардын бири кайсы?

- Акыркы мезгилде өзгөчө өрчүп кеткен оорулардын бири альвеококкоз дарты көпчүлүктү түйшөлтүүдө. Бул дарт адамдын боорунда кездешет, кээде боордон башка жакка да тарап кетет. Альвеококкоз башка жакка тараганда мээге, жүрөккө, өпкөгө кетиши мүмкүн. Нейрохирургдар бул дартты мээден алган учурлар бар. Негизи бул дарт мындан сегиз-тогуз жыл мурда Токтогул районунан эле анда- санда кездешсе, азыркы учурда мындай ооруга чалдыкпаган аймак жок. Башкача айтканда республиканын бардык аймагында ооруган адамдар кездешет. Бул дарттын кескин тарап кетишинин себеби санитардык жана профилактикалык чаралар убагында көрүлбөгөндүктөн болууда. Себеби союздун учурунда мындай дарт биздин республикада жок болчу. Мен мединститутта алты жыл окуп, ошол кезде альвеококкоз дартын жугузуп, ооруканада жаткан адамды көргөн эмесмин. Аны китептен гана окуганбыз. Азыркы учурда бул дарт менен жабыркаган адамдардын саны жүздөп саналат.

- Бул дарт кантип пайда болот, каяктан жугат?

- Бул малдан жугат. Атайын ушул дартты таратуучу булак болот. Ошол булактан иттерге, мышыктарга, башка жаныбарларга, малга жугат да алардан тарап, жүрүп отуруп адамга жугат. Ошол дартты таратуучу очокту жаап, тазалап туруш керек. Мурда мындай очокту дароо жаап, дезинфекциялап турчу. Ошондон улам бул дарт сыртка чыкчу эмес. Азыр деле ошондой чаралар көрүлүп аткандай. Бирок кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткендиктен аны токтото албай калдык. Себеби өтө көбөйүп кетти. Бул коркунучтуу дарт. Анткени бул дартка кабылган адамдардын көбү өтүшүп кеткенде гана кайрылып атышат. Радикалдык операция жасаганга мүмкүн эмес болууда. Себеби адамдын организмине кирген альвеококкоз чоң кан тамырлардын жанына жайгашып аны толугу менен тазалап алып салууга болбой калат.

- Бул дарт жара сыяктуу пайда болобу же ыйлаакча түрүндөбү?

- Жок, бул шишик сыяктуу болот. Анын алгачкы белгилери адам алсырап, арыктап, ичкен тамагын аш кыла албай, тамакка табити төмөндөй баштайт. Өңү кубарып кетет. Бул биринчи белгиси. Андан кийин боору ооруп, салаңдап оорлошо баштайт. Көпчүлүк адамдар ушундай белгилерге көңүл бурбай жүрө беришет. Анан абдан өтүшүп, шишик чоңоюп кеткенде гана аргасы жок келишет. Ошондой учурда адамдын өмүрүн узартып, убактылуу ден соолугун жакшыртуу максатында операциялар жасалат. Бирок толугу менен ал адам операциядан айыкпай калышы ыктымал. Бул онкологиялык ооруга кирбейт, рак деп эсептелбейт. Бирок өзүнүн өнүгүшү, тарашы боюнча онкологиялык ооруга окшошуп кетет. Дарыгерлерди тынчсыздандырып көбөйүп жаткан дарттардын бири ушул. Бул дартка чалдыккандардын 95%ы жаштар. Мындай дарт менен кеч кайрылгандар операция жасагандан кийин майып болуп калышат.

- Бул ооруну сөзсүз операция жолу менен айыктырыш керекпи же дарынын күчү менен да айыктырса болобу?

- Өнүккөн өлкөлөрдө бул дарт жаңыдан пайда болгондо эле дарынын күчү менен дарылап коюшат экен. Бирок бул дарт пайда боло баштаганда адамдын организми оорубайт. Демек адамдын денеси оорубаса доктурга кайрылышпайт. Бизге дайыма бул дарт өтүшүп кеткенде кайрылат, бул учурда операциясыз дарылоого мүмкүн болбой калат.

- Азыр доктурга көрүнүп операция жасатуу биртоп каражатты талап кылат. Эч нерсеси жок адамдар кантип операция жасатышат, аларга жеңилдик каралганбы?

- Эми тез арада жасалчу операцияны, сокур ичегини акча төлөсүн анан жасайбыз десек, ал жарылып кетип, бейтапка залакасы тийип калышы ыктымал. Мындай кырдаалда адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн акчасы бар-жогуна карабай эле операцияга киришебиз. Кээде акчасы таптакыр жок адамдар да болот. Алар биздин администрацияга атайын арыз жазып, абалын түшүндүрөт.

- Бул оорукананын жанында кышкысын үй-жайсыз селсаяктар баш калкалоочу жай жайгашкан. Алардан да кайрылгандар болсо керек?

- Албетте, ушундай үй-жайсыз адамдардан да келип операция жасаткандар болот. Мындай адамдарды биз адегенде киринтип, анан операция жасайбыз. Кээде алардын оорусу ириңдеп жыттанып кеткен болсо өзүнчө палаталарга бөлүп коюуга аракеттенебиз. Бирок аларды бөлүүгө көп учурда шарт болбой калат. Башка адамдарды иренжитпеш үчүн жуунтуп, кадимки бейтаптардын арасына кошобуз. Бишкек шаары боюнча жумасына эки жолу "тез жардам" хирургиясы боюнча кабыл алабыз. Кээде оор кырдаалдар болуп калат. Мисалы, 7-апрелдеги атышууда бизге 100гө чукул адам кайрылган. Ошолордун ичинен 4-5 каза болгон. Алардын үчөө каза болгондо алып келишти. Операция учурунда жүрөгүнө ок тийген бирөө көз жумду. Калган адамдарды сактап калдык. Биздин өмүрүбүздү сактап калдыңар деп ыраазычылыгын айтып азыркыга чейин келгендер бар. Азыр мамлекетибиз медицинага жакшы көңүл бура баштады. Биз жаңы операциялык блок ачып, эскилиги кеткен жабдыктардын ордуна жаңысын койдук. Айлык көбөйгөндөн бери ак халатчандардын жетишсиздиги да токтоду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД