Кулов Нарбаевге газ куурларынын үстүнө курулган үйлөрдү сүздүрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештеги "Ар-Намыс" фракциясынын бүгүнкү, 29-марттагы, жыйынында анын лидери Феликс Кулов архитектура, турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Нарбаевдин 2012-жылы мекеменин жасаган иштери тууралуу отчетун кароо учурунда эгер өзгөчө коргоого алынган же газ куурларынын үстүнө курулган үйлөр болсо, аларды сүздүрүү керектигин белгиледи.

Кулов ошондой эле Бишкекке курулган ири соода борборлорун сынга алып, көп кабаттуу үйлөрдүн короосуна бийик имараттар курулуп атканын айтты.

"Мен мэр болуп турганда көп кабаттуу үйлөрдүн короосуна бийик имараттарды салууга лицензия берген эмесмин. Болгону сүздүрүлүшү керек болгон үйлөрдүн ордуна салууга уруксат бергем. Мен бир жыл гана иштедим. Менден кийин андай уруксат бериле баштады. Мурда биздин шаарды тынч шаар деп айтышчу. Азыр антип айта албайсың. Мурда шаардын борборуна 10 мүнөттө эле келсең, азыр жарым саатта да келе албайсың. "Руби-паркты" курушту эле, ал жактан өтүү мүмкүн эмес. Асфальттын ордуна брусчаткаларды төшөп коюшту. Башка шаарларда ири соода комплекстери шаардын тышында жайгашкан. Ал жакта алардын аянттары чоң машина токтотуучу жайлары бар",- деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД