Ташиевдин адвокаты сотко саясый басым болуп атканын билдирди

"Ата-Журт" фракциясынын камактагы депутаты Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов сот ишине төрагалык кылган судья Адылбек Субанкулов депутаттарга карата адилеттүү чечим чыгарат деп үмүттөнүүдө. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-мартта, "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, бийлик өкүлдөрү сотко саясый басым жасашууда.

"Бирок, сот саясый чечим кабыл албай, бир гана мыйзамга таянып чечим чыгарат деп ишенем", - дейт ал.

Эскертсек, учурда "Ата-Журт" фракциясынын үч депутаты – Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов боюнча соттун өкүмү чыгышы күтүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД