Июнь окуясында дайынсыз жоголгондордун энелери баш прокуратуранын ишине нааразы

2010-жылы Оштогу июнь окуяларында кайтыш болгон жарандын энеси Дилбар Көчкөнова бүгүнкү, 29-марттагы, маалымат жыйында сот системасына жана Башкы прокуратуранын ишине нааразы экенин билдирди.

Айтымында, ал 2,5 жылдан бери баласы тууралуу кабар ала алган эмес. "Жарым жыл мурун гана ДНКлык экспертизадан өткөрдүк деп баламдын сөөгүнүн жарымын беришти", - дейт ал.

"Баламдын өлүшүнө күнөөлүүлөр өлкөдөн чыгып кетип, Орусиядан баш-паанек алышты. Орусиянын Башкы прокуратурасы аларды Кыргызстанга кайтарып берүүдөн баш тартты. Алардын сегизөө Орусиянын жарандыгын алса, 13ү убактылуу жашоого уруксат алышкан",- дейт Көчкөнова.

Ош шаарынын дагы бир тургуну Шаани Топчубаеванын айтымында, ал да баласынын кайда экенин билбейт жана үч жылдан бери аны издеп жүрөт. "Укук коргоо органдары бүгүнкүгө чейин баламдын тирүү же өлгөнүн тактап бере элек. Күнөөлүүлөр качып жүрөт. Эмнеге Башкы прокуратура аларды Кыргызстанга алып келе албайт?" - деп суроо салды ал.

Ошондой эле Айнура Ахмедова агасынын кайда экенин бүгүнкүгө чейин билбейт. "Ал кайда? Аны эмнеге азыркыга чейин таба элек? Мен укук коргоо органдарынан анын тирүү же өлгөнүн тактап бергиле деп суранат элем", - деди ал.

Ал эми Ош шаарынын тургуну Жаркынай Жолдошова июнь окуялары учурунда анын 5 жаштагы кызын зордуктап, моюнун кайрып, башын таш менен жарышканын айтты. "Күнөөлүүлөр азыркыга чейин жазасын албай жүрөт. Эмне беш жаштагы бала киши эмеспи? Эмнеге биздин ишти эч ким иликтебей атат?", - деп көзүнө жаш алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД